16-апрель Бүгүнкү күндүн ырайымы

Jakshy Kabar Media

16-апрель Бүгүнкү күндүн ырайымы

16-апрель
Бүгүнкү күндүн ырайымы
Жон Пайперден насаат сөз

«Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы түгөнгөн жок. Анын ырайымы ар бир таңда жаңырып турат. Сенин ишенимдүүлүгүң зор!»

Жеремиянын ыйы 3:22-23

Кудайдын ырайымдуулугу күн сайын эртең менен жаңырып турат, анткени Ал ар бир күнгө жетиштүү ырайымын берип турат. Кудай ар бир күндүн кыйынчылыктарын чечүүгө жетиштүү ырайымын дайындайт. Кудай Өз балдарынын жашоосу үчүн эң сонун кылып кам көрүп койгон. Ыйса мындай деген: «Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:34). Ар бир күндүн өз кыйынчылыктары бар. Ар бир күндүн өз ырайымы бар. Ар бир күндүн таңы жаңырып турат.

Бирок биз бүгүнкү күндүн эсебинен эртеңки күндүн жүгү тууралуу кам көрүп, көңүлүбүздү чөгөрө беребиз. Кудай биздин муну билишибизди каалайт: Бүгүнкү күндүн ырайымы бүгүнкү түйшүктөр үчүн, ал эми эртеңки күндүн ырайымы эртеңки түйшүктөр үчүн жетиштүү.

Айрым учурларда бизде катуу сыноолорго туруштук бере алабызбы деген суроо болот. Ооба биз туруштук бере алабыз. Петир айткандай «Эгерде Машаяктын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңк Руху-Кудайдын Руху силерде» (1 Петир 4:14).

Кордук көргөндө, даңк Руху келет. Степан ташбараңга алынып жатканда ушундай окуя болгон. Сиз дагы даңк рухуна ээ болосуз. Биз Рухка жана даңкка муктаж болгондо, алар келишет.

Чөлдөгү манна бир күндө бир жолу берилчү. Эч ким ал маннаны эртеңки күн үчүн жыйнаган эмес. Биз дагы ошондой болуп, Кудайдын ырайымынан көз каранды болушубуз керек. Эртеңки күндүн түйшүктөрүн көтөрө турган күчтү бүгүн ала албайсыз. Бүгүнкү күндүн түйшүктөрү үчүн сизге ырайымдуулук көрсөтүлүп жатат.

Эртең бизге жаңы ырайым берилет. «Силерди Өз Уулу-Теңирибиз Ыйса Машаяк менен мамилешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү» (1 Корунттуктарга 1:9).

«Бүгүнкү ырайымдуулук бүгүнкү түйшүктөр үчүн» аттуу насаат сөздөн үзүндү.