15-апрель: Акылсыз качырдай болбогула

Jakshy Kabar Media

15-апрель: Акылсыз качырдай болбогула

15-апрель
Акылсыз качырдай болбогула
Жон Пайперден насаат сөз

«Баш ийдириш үчүн жүгөн, ооздук сала турган аттай, акылсыз качырдай болбогула».

Забур 31:9

Кудайдын эли бир короодо жашаган ар түркүн жаныбарлар сыяктуу элестетсек болот. Кудай Өз жаныбарларына кам көрүп, аларга каякка барышы керектигин көрсөтөт. Алардын коопсуздугу үчүн сарайга киргизет.

Бирок бул жаныбарлар чарбасында Кудайга өтө жагымсыз бир айбан бар, тактап айтканда, качыр. Ал келесоо, өжөр ошондуктан биринчи өжөрлүк, же акылсыздык пайда болобу айта албайсыз.

Ошентип, Кудай Өзүнүн жаныбарларын тамак-аш жана баш калкалай турган жай менен камсыз кылууну жакшы көрөт. Ошондой эле алардын бардыгынын жеке ысымы бар экенин үйрөтүп, ар бирин өз ысымынан чакырат. «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам» (Забур 31:8).

Бирок качыр мындай багытка баш ийбейт. Ал акылсыз. Ошентип, Кудай Өзүнүн жүк ташуучу унаасын алып, талаага чыгып, качырдын оозуна жүгөн салып, ооздуктап аны жүк ташуучу унаага жүктөп келет. Баскысы келбей, тизесин бүкпөгөн өжөр качырды сарайга чейин сүйрөп алып келет.

Бата жана коопсуздук табуу үчүн Кудай жаныбарлардын Ага ушуга окшогон жол менен келишин каалабайт.
Күндөрдүн биринде ошол качырга да кеч болуп калат. Ал талаада жүргөндө мөндүр жаап, чагылган түшөт. Ошондо ал качыр сарайга чуркап келет, бирок сарайдын эшиги жабык болуп калат.

Ошондуктан, «баш ийдириш үчүн жүгөн, ооздук сала турган аттай, акылсыз качырдай болбогула».

Андан көрө, ар бир адил адам өз убагында Кудайга сыйынсын (Забур 31:6).

Качыр болбош үчүн өзүбүздү момун кылуу, Кудайга сыйынуу, Кудайдын алдында кылган күнөөлөрүбүздү мойнубузга алуу жана чарбанын ичиндеги жардамга муктаж болгон, кичинекей балапандарды кабыл алуу, ошондой эле бизди коргогон, бизге кам көргөн жана баш калкалай турган жайыбызга багыт берген Кудай Атабыздын жетегине баш ийишибиз керек.

«Канткенде акылсыз качырдай болбойбуз» аттуу насаат сөздөн үзүндү.