1-апрель: Биздин эң негизги эки муктаждыгыбыз

Jakshy Kabar Media

1-апрель: Биздин эң негизги эки муктаждыгыбыз

1-апрель
Биздин эң негизги эки муктаждыгыбыз
Жон Пайперден насаат сөз

Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам!

2 Тесалоникалыктар 1:1

Биз «Атага» жана «Теңирге» таандык жыйынбыз. Бул эмнени билдирет? «Ата» деген сөз барынан мурун кам көрүү жана колдоо, коргоо жана камсыз кылуу, ошондой эле тартип дегенди билдирет. Ошондуктан, Атага «таандык» болуу деген негизинен биздин асмандагы Атабыздын кам көрүүсү жана коргоосу астында болуу дегенди билдирет.

Кийинки аныктама бул Теңирдин – Теңир Ыйса Машайакка таандык. «Теңир» деген сөз барынан мурда бийлик, жетекчилик жана жекелик же өздүк дегенди билдирет. Ошондуктан, Теңирге «таандык» болуу деген негизинен биздин Жогорку Эгебиз катары Анын бийлигинде, Анын башкаруусу астында жана Анын ээлигинде болуу дегенди билдирет.

Ошентип, Пабыл Тесалоника жыйынын алар Атанын кам көрүүсүндөгү үй бүлө жана Теңирдин башкаруусу астындагы кызматчылар экенин эсине салып, алар менен саламдашат. Ата жана Теңир катары Кудайдын ушул эки тарабы, ошондой эле жыйындын үй бүлө жана кызматчы катары эки жагы биздин эки эң негизги муктаждыгыбыз болуп саналат.

Ар бирибиз куткарылууга жана күнүмдүк жашообузда ар кандай жардамга муктажбыз.

Бизге боору ооруп, бизди күнөөдөн жана азаптан куткара турган Асмандагы Атабызга муктажбыз. Биз абдан алсыз болгондуктан, ар бир кадамыбызда бизге Анын жардамы керек.

Ошондой эле, бул жашоодо бизге багыт берип, бизди акылга толтуруп, Кудай бизди эмне максат менен жаратса, ошону жүзөгө ашырып, пайдалуу нерсе кылууга күч берип турган Асмандагы Теңирибизге муктажбыз.

Биз Атабыздын кам көрүүсү астында коопсуз гана болбостон, Ага пайда алып келген баалуу, керектүү идиштери да болгубуз келет. Мээримдүү Атабыз биздин Коргоочубуз жана Кудуреттүү Теңирибиз биздин Баатырыбыз, кайсы бир улуу иште Ал биздин Жол Башчыбыз болушун каалайбыз. Ошентип, Пабыл 1-аятта «Силер – Кудай Атага жана Теңир Ыйса Машайакка таандык жыйынсыңар» деп айтканда, биз Кудай – биздин Атабыз деп ырахаттанып, ал эми Ыйса – биздин Теңирибиз деп кайраттана алабыз!